Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Жөөттөр: акыл оошот...


"Баланы мактоо, урматтоо - тарбиянын өзөгү" (Жөөт чоң ата небереси менен. Сүрөт 2011-жылы тартылган)
"Баланы мактоо, урматтоо - тарбиянын өзөгү" (Жөөт чоң ата небереси менен. Сүрөт 2011-жылы тартылган)

Кыргызстанда 1989-жылы 6 миңге чукул жөөт бар деп эсептелсе, азыр алардын 600гө жакыны калган. Алардын дээрлик 80 пайызы Бишкекте жашайт.

Кыргызстанда жөөттөрдү бириктирген “Минора” маданий коому иштейт. Еврейлер акылдуу калк деген пикирлер бар эмеспи. Бул элде баланы тарбиялоодогу өзгөчөлүктөр кандай?

"Википедия" интернет энциклопедиясына таянсак, дүйнө жүзүндө еврейлердин саны 13,4 миллионду түзөт. Алардын 600гө чукулу Кыргызстан аймагында жашайт.

Кыргызстандагы жөөттөрдүн “Минора” маданий коомунун жетекчиси Леонид Зеличенконун айтуусунда, еврейлер Кыргызстанга мындан 2 миң жыл мурда келген. Бул тууралуу Ысык-Көл аймагындагы соңку археологиялык изилдөөлөрдө белгилүү болуптур. Ошондо көлдүн түбүнөн эки миң жыл илгери мезгилге таандык жөөттөрдүн алты бурчтуу жылдыздын белгиси чегерилген казан табылган экен.

Израил
Израил
Бул элдин өкүлдөрүнүн кийинки агымы Экинчи дүйнөлүк согуш маалына туура келет. Леонид Зеличенко алты жашында 1941-жылы Беларустан көчүп келген экен. Ошол жылдан бери кыргызстандык жөөттөр арасында ондогон илимпоз, өлкөгө эмгек сиңирген дарыгер, мугалим, маданият ишмерлери, искусство чеберлери чыккан. Советтер Союзу урагандан кийин еврейлердин басымдуу бөлүгү тарыхый мекенине кайткан.

- 1948-жылы Израил мамлекети түзүлдү. Көптөгөн еврейлер өздөрүнүн иврит тили бар, мектеби бар тарыхый мекенине кайтып кетишүүдө.

“Кыргызстандагы еврейлер” деген китепте жазылгандай, совет маалында жөөттөр иштебеген бир дагы тармак болгон эмес экен. Зеличенконун белгилешинче, азыр эки гана киши мамлекеттик органда иштейт.

Тарбия - алдыңкы орунда

Жөөттөр тууралуу сөз болгон жерде бала тарбиялоонун өзгөчөлүгү туурасында көп суралат. Бишкекте болсо жөөттөрдүн жеке менчик бала бакчасы менен еврей мектеби бар. Бирок экөөнө тең кире албай келдик.

Маалыматтарга караганда, еврей мектебинде жалпысынан 70тей окуучу окуйт экен. Экиден гана окуучу билим алган класстар дагы бардыгын айтышты. Бул мектепке кирип окуу үчүн баланын ата-энесинин бирөө жөөт болушу керек.

Бишкектеги жөөттөрдүн сыйынуучу жайынын башчысы (раввин) Арие Райхман еврейлер бала тарбиялоого өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

- Эң башкысы - баланы тарбиялоо. Баланы кайсы бир кесипке, кол өнөрчүлүккө үйрөтүү атанын негизги милдеттеринин бирине кирет. Эгер бала бир нерсени жасаганды билсе, ал өз келечегин куруп кеткенге жарайт. Ата-эне багыт берчү ролду ойнойт. Ал эми эмне иш кылгысы келет - ал баланын өзүнүн тандоосу.

Кыргыз үй-бүлөлөрүндө тентек кылган баласын какыс-кукус кылган кадимки эле көрүнүш. Арие Райхман болсо мындай мамиле баланы тарбиялоонун эң акыркы этабы деп эсептейт. Анын пикиринде, баланы жазалап эмес, мактап тарбиялаган көбүрөөк натыйжасын берет.

- Биринчиден, балага түшүндүрүш керек. Бала бардыгын үйрөнөт. Түшүнбөгөн, укпаган бир да бала болбойт, түшүндүрө албаган ата-эне болот. Баланы сөзсүз эле уруп, же бурчка тургузуу туура эмес. Мактоо, туура эмес болсо деле ал кыйын, өтө акылдуу бала экенин айтуу келечегине көбүрөөк натыйжа берет. Эмоция менен тарбиялоонун дагы бир жакшы жагы – бул баласын канчалык жакшы көрүп, баалап жана сыйлай турганын көрсөтүү. Бала дайыма бирөөдөн таасир алат, алар чоң болгусу келет. Ошондуктан ата-энеси, үйүндөгү чоңдор эмне кылса ошону жасайт. Эгер ата-энеси китеп окуса, балдары да окумал болот, китеп окуган жакшы экенин билет.

Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири Мирсулжан Намазалиевдин өлкө сыртында жөөт тааныштары, достору бар. Ал да еврейлердин акылдуу, жөндөмдүү, ийгиликтүү болуусуна тарбия чоң таасир берерин белгиледи.

- Кичинесинен тартып аларды туура, жакшы тарбиялашат. Бизде кичине ыйлап калса, уруп-согуп же туура эмес иш кылып койсо, "өлүгүңдү көрөйүн, сен бизди өлтүрүп, жоготуп бүтө турган болдуң" деп тилдей башташат эмеспи. Мен көпчүлүк четтеги досторуман сурасам, алар балдарды бөлөкчө тарбиялашат. Балдардын бардыгын сөз менен, алардын деңгээлинде кеп куруп, керек болсо туура эмес жактарын көрсөтүп, көпчүлүк учурда мактап, канчалык жакшы адам экенин, кантип ийгиликке жетиши мүмкүн экенин айтып табиялап келишет. Андыктан жөөттөрдүн ийгиликтеринин, ачылыштарынын негизги себептери да, сыры да ата-энесинен алган тарбияда жатат.

Анткен менен бул улуттун өкүлдөрүн өлкөдөгү коопсуздук маселеси тынчсыздандырат экен. Леонид Зеличенконун айтымында, кимдир бирөө кокус кандайдыр бир ураандар менен чыгып калбасын деген чочулоо бар.

XS
SM
MD
LG