Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Атайын кызматтын сырынан чыр чыкты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Каржы министрлигине “мамлекеттик сырды шардана кылды” деген берене боюнча кылмыш ишин козгоду.

Буга борбордук казыналыктын 2012-жылга карата мамлекеттик бюджеттин долбоорундагы атайын кызмат сураган чыгымдын өлчөмүн интернет сайтына жарыялап жибергендиги себеп болгон.

Мамлекеттик сырбы же мааниси жок чырбы?


Каржы министрлиги өзүнүн интернет сайтына мамлекеттик бюджеттин долбоорун жайгаштырып, анда башка бийлик органдары сыяктуу эле атайын кызматтын бир жылдык чыгымы көрсөтүлгөн. Бирок бул маалыматтын жарыяланышын атайын кызмат мамлекеттик жашыруун сырды ачыка чыгаруу катары баалап, борбордук казыналыктын тиешелүү кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоду. Атайын кызматтын расмий өкүлдөрү бул туурасында кенен комментарий берүүдөн баш тартышты.

Мирослав Ниязов
Мирослав Ниязов
Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов атайын кызматтын чыгымдары жашыруун кармалыш керек болчу деген ойдо:

- Атайын кызматтын бюджети жабык болот. Бул бүт дүйнөдө ошондой. Биз көп учурда демократия деген ураан менен ошону эстен чыгарып коюп жатабыз. Мурда атайын кызматтардын чыгымдары жабык отурумда талкууланып, анын чыгымдалышын көзөмөлдөөнүн да өзгөчө шарттары болоор эле. Эми азыр минтип сыртка чыгып кетип жатса кандай болот?

Чыгымдарды ким көзөмөлдөйт?

Ошол эле кезде чекисттердин чыгымдарын көзөмөлдөөнүн шарттары каржы мыйзамдарында так көрсөтүлбөй калган. Андыктан бул маселени бир катар укук коргоочулар кызуу талкууга алышты. Алардын айтымында, коомчулук бюджет боюнча мыйзамга ылайык, атайын кызмат мамлекеттин канча акчасын кайда жумшап жаткандыгын билүүгө укуктуу.

Адвокат Нурбек Токтакунов коопсуздук органдарынын чыгымдарын ачык жарыялап жиберген Каржы министрлигин сотто коргоо үчүн өзүнүн кызматын сунуш кылды:

- Бюджет боюнча мыйзамга ылайык, күч түзүмдөрүнүн, анын ичинде атайын кызматтын чыгымдары коомчулукка ачык болуш керек. Анткени бул коопсуздукту бекемдөөгө шарт түзөт. Болбосо алардын эмне кылып жатканын, каражатты кайда жумшаганын кантип билебиз? Мына азыр тыңшап жатышат, башка бир табышмактуу атайын операциялар жүрүп жатат. Биз атайын кызмат өзүнүн түздөн-түз милдетин аткарып жатканын билишибиз керек. Мен Каржы министрлиги маалымат коомчулукка ачык жарыяланыш керек деген позициясын өзгөртпөй, аягына чейин турса, алардын кызыкчылыгын сотто коргоп берүүгө даярмын.

Каржы министрлиги сайтка чыккан аталган маалыматты жакында андан алып койду. Бирок министрликтин пресс кызматы бул туурасында кенен маалымат берүүнү туура көргөн жок.

Эскиче усулдар

Жакында парламентте 2012-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору каралып, анда мамлекеттик бийлик органдарына жана күч түзүмдөрүнө каралган чыгымдар тууралуу маалымат ачык эле көрсөтүлгөн.

Парламенттин бюджет жана каржы комитетинин төрагасынын орун басары Өмүрбек Абдрахманов атайын кызматтын жалпы чыгымдарын мамлекеттик сыр катары кароого болбой тургандыгына токтолду:

Өмүрбек Абдрахманов
Өмүрбек Абдрахманов
- Биздин атайын кызмат мурдагы КГБ боюнча эле калганы ушундан көрүнүп турат. Эми ушул бюджеттин долбоорундагы өздөрүнүн чыгымдарынын өлчөмүн мамлекеттик сыр деп бирөөлөрдү айыпташкандыгы калыппы? Бюджеттин долбоорундагы бардык бийлик органдарынын чыгымдары ачык эле көрсөтүлүшү керек. Мыйзам да ошону талап кылат. Бул жерде эч кандай жашыра турган мамлекеттик сыр жок.

Бюджет долбоорунун “жана башка чыгымдар” деген беренесиндеги атайын кызмат сураган каражаттын өлчөмү адатта ачык көрсөтүлчү эмес. Бирок буга карабастан айрым укук коргоочулар бир жылдык чыгымы туурасында маалымат алуу үчүн атайын кызматтын эсепканасына суроо-талап жөнөтүшкөн. Адвокат Нурбек Токтакунов эгерде ага жооп болбосо, сотко бере тургандыгын эскертти.

Токтакунов буга чейин да, мыйзам талап кылган шартта коомчулука маалымат бербеген мамлекеттик органдарды сотко берип, утуп чыккан жайы бар.

XS
SM
MD
LG