Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Евробиримдик Тунистин шайлоосу ачык-айкын өттү деп эсептейт


Тунистин жекшембидеги шайлоосу ачык-айкын өтүп, “майда-барат” гана эреже бузуулар болгонун европалык байкоочулар бүгүн жарыялашты. Биримдиктин байкоочулар миссиясынын билдирүүсүндө айтылгандай, шайлоо бекеттеринин 97 пайызындагы добуш берүүнүн жүрүшү “канааттандырарлык" деп бааланды. Шайлоонун расмий жыйынтыгы чыга элек. Шайлоодо байистүү исламчыл “Еннахда” партиясы добуштардын 40%га чейинкисин алганын ырастоодо.

Араб дүйнөсүнүн авторитардык режимдерин кулаткан быйылкы ыңкылаптар башталган Тунистин жашоочулары жекшембиде бир жыл аралыгында жаңы Конституция жазуучу ассамблея үчүн добуш беришти. Ассамблея ошондой эле өлкөнү жаңы шайлоого чейин башкара турган утурумдук президентти жана өкмөттү дайындайт.

XS
SM
MD
LG