Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Сузак районунда быйыл кышка даярдык начар эмес


Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кышка карата даярдык начар эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” район акими Нурболот Мырзахмедов билдирди. Райондун саламаттыкты сактоо тармагы жүз пайыз көмүр менен камсыз болду. Билим берүү мекемелерине керектелген 2 013 тонна көмүрдүн 1 822 тоннасы ташылып, камсыздалгандык 91 пайызды түздү. Райондун Октябрь айылындагы өрттөн коргоо бөлүмчөсүнүн жаңы имараты курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Аны курууга райондук мекеме-ишканалар жана айыл өкмөттөру жардам беришти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул бөлүмчөгө баасы 3 миллион сом болгон өрт өчүрүүчү жаңы автоунааны тапшырган. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG