Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Медведев менен Меркел газ куурун ачты


Германия менен Орусиянын жетекчилери Орусиядан жаратылыш газын Батыш Европага ташуучу "Түндүк Агым" куурун салтанаттуу ачышты.

Германиянын түндүк-чыгышындагы Лубмин шаарында Канцлер Ангела Меркел жана президент Дмитрий Медведев куурдун чоргосун кезектешип бурашты. Орус президенти бул көз ирмемге жогору баа берди:

- Бүгүн өзгөчө, көптөн күткөн окуя болуп жатат. Биз "Түндүк Агымдын" биринчи куурун ачып жатабыз. Ал Орусиянын Европа Биримдиги менен кызматташтыгындагы жаңы баракты ачат. Биринчи жолу орус газы Биримдикке түз жетет.

1224 чакырым келген куур Украина менен Беларус аркылуу өткөн түтүктөрдөн четте, Балтика деңизинин түбү аркылуу жаткырылды.

Аземге Франция менен Голландиянын өкмөт башчылары, Европа Биримдигинин энергетика комиссары Гүнтер Өттингер да чакырылган.

"Түндүк Агымды" курган компния куур келерки жылдын этегинде ишке киргенде, ал аркылуу жыл сайын Орусиядан европалык газ тармагына 55 миллиард куб метр газ ташыла тургандыгын айтууда.

XS
SM
MD
LG