Каракол шаарында маньяк пайда болду деген маалымат тароодо. 28-октябрда моюнуна бычак сайылып, моюнунун бир жак тарабы кесилген аялдын өлүгү табылган. 6-ноябрда шаардык аэропорттун аймагында башы кесилген аялдын денеси табылган. Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Руслан Балапанов маньяк пайда болгону тууралуу маалыматты четке кагууда. Анын “Азаттыкка” айтымында, эки кылмыш бири-бири менен байланышы жок. Эки аял тең спирттик ичимдиктерди көп ичкендер катары таанымал болушчу. Аларды издеп эч ким милицияга кайрылган эмес. (MK/RK)