Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Пентагон: аскерий сокку Ирандын өзөктүк программасын токтотпойт


10-ноябрда АКШнын коргоо министри Леон Панетта маалымат жыйын өткөрүп, аскерий аракеттер менен Ирандын өзөктүк программасын токтотуу мүмкүн эместигин жана дагы бул “аймакка олуттуу запкы тийгизет” деп айтты.

Ага чейин Ирандын руханий лидери Аятолло Али Хаменейи АКШ менен Израилдин Иранга сокку уруу аракети өтө катуу тоскоолдукка кабыларын эскерткен.

Шейшембиде Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ жарыялаган баяндамада Тегеран өзөктүк курал түзүүнүн үстүндө иштеп жатышы мүмкүн экендиги айтылган.

Ага чейин Израилдин президенти Шимон Перес Иранга аскерий сокку уруу ыктымалдуулугу өсүп бараткандыгын билдирген.

Тегеран болсо өзөктүк программалар тынчтык мүнөздү көздөөрүн кайталоодо.

XS
SM
MD
LG