Кыргызстандын жараны Насиба Бекмухомедова Москвада машина менен үч аялды сүзүп кетти деп шектелүүдө. Алардын бирөө мерт кеткен. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, окуя 6-ноябрда болгон. "Мерседес 280" автомашинасын Бекмухомедова айдоочунун күбөлүгүсүз айдап баратканы аныкталды. Кырсык болоор замат ал качып кеткен. Москва милициясы ага издөө салды. (RK)