Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Түштүк Осетияда президенттик шайлоонун 2-айлампасы болот


Грузиянын жикчил Түштүк Осетия жумуриятындагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасы 27-ноябрда өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы Кремль колдогон талапкер - чукул кырдаалдар министри Анатолий Бибилов жана мурдагы билим берүү министри Алла Джиоева 25 проценттен добуш алганын маалымдады.

Кечээки айлампага шайлоочулардын 66 проценти катышты. Жумурияттын мурдагы лидери Эдуард Кокойты мыйзам боюнча 3-мөөнөт үчүн ат салыша алган жок.

Грузия кечээки добуш берүүнү мыйзамсыз деп атады.
Орусиядан тышкары жикчил аймактын көз карандысздыгын 5 чакты өлкө тааныган.

XS
SM
MD
LG