Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Түркмөн газын Түштүк Азияга ташый турган куурду салуу ыкчамдатылат


Түркмөнстан менен Пакистан түркмөн газын Ооганстан, Пакистан жана Индияга ташый турган газ куурун жаткыруу долбоорун тездетүү жөнүндө макулдашышты. Бул маселе бүгүн түркмөн президенти Гурбангули Бердимухамедовдун Исламабаддагы расмий визити маалында талкууланды.
Бердимухамедов Пакистан президенти Асиф Али Зардари менен жолугушту.
1 миң 680 километрлик түтүктү салуу долбоору бир нече миллиард долларга бааланууда. Лидерлер ошондой эле терроризм, маң заттар, курал-жарак аткезчилиги, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташуунун маанисин белгилешти.

XS
SM
MD
LG