Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы айрым тоолуу унаа жолдор ушул тапта жабык турат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка унаа жолунун Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горка - Акташ унаа жолунда кар көчкү коркунучу болгонуна байланыштуу жол каттамы убактылуу жабылды. Жолду ачуу үчүн тиешелүү техника иштеп жатат.
Бишкек - Ош унаа жолунун Чүйдүн Жайыл районунда жайгашкан 133-чакырымында 200м³ кар көчкү түшүп, таңкы саат бештерде жол жабылган. Тазалоо иштери бир жарым саатта аяктап, саат 06:30да унаа жол толук ачылган.
22-ноябрдан 24-ноябрга чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүсүнүн түшүүсү күтүлөт деп Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ эскерткен. Өткөн аптада кар көчкү астында бир адамдын өмүрү кыйылган. (RK)