Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:19

Нурсултан Назарбаев кеңешчиси Блэр менен жолукту


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Британиянын мурдагы өкмөт башчысы Тони Блэр менен Астанада жолукту. Президенттин кеңсесинен билдиришкендей, казак бийликтеринин кеңешчиси болуп дайындалган Блэр менен Назарбаев "Казакстанды модернизациялоо боюнча кеңири программаны иштеп чыгууга байланышкан маселелерди" талкуулашты.

Билдирүүгө ылайык, экөө эл аралык маселелерди, анын ичинде Европа Биримдиги менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды сөз кылышты.

Казакстан өткөн айда Тони жаңы инвестицияларды тартып, өлкөнү заманбапташтыруу максатында Блэрди кеңешчиликке алгандыгын бышыктаган. Айрым кабарларга караганда, Блэр өзүнүн кеңешчилик ишмердүүлүгү үчүн көп миллиондогон доллар акы алат.

XS
SM
MD
LG