Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:19

Жалал-Абадда карамай таңкыстыгы болбойт


Жалал-Абадда карамай таңкыстыгы болбойт. Бул тууралу 29-ноябрда губернатордун орун басары Кадырбек Жакыпов журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Ошко түшкөн 22 вагон күйүүчү майдын 6 вагону (же 360 тоннасы) Жалал-Абадга келатканы белгилүү болду. Облуста бензин жетпей калат дегенге жана жүргүнчүлөрдү ташуучу автоунаалар токтоп калды дегенге негиз жок. Бишкек-Ош жолунда буга дейре түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ошол жол менен облус аймагына келе жаткан бензин тарткан 8 автоунаа жолдо туруп калган. Жалал-Абадда күйүүчү май сатуучу 4 станция иштеп жатат. Шаар тургундары бүгүн түшкө дейре Жалал-Абадда бензин тартыштыгынан күйүүчү майдын литри 45-46 сомго чыгып, май куюу бекеттеринде унаалардын узун кезеги пайда болгондугун жана райондор аралык чакан автобустар сейректеп калганын «Азаттыкка» билдиришкен. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG