Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

"Кумтөр элдики" уюму кун талап кылып жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кумтөр элдики” кыймылынын мүчөсү Самат Алиев билдирди. Анын айтымында, Балыкчыда “Центерра Голд” компаниясы иштетип жаткан Кумтөр кенине кеткен жол ачыла элек. 30-ноябрда дагы бир боз үй тигилди. Ушул күнү облус губернатору келип жолугуп кетти. Алиевдин билдиришинче, чогулгандар Кумтөр кени боюнча 2009-жылкы келишимди кайра карап чыгууну, кенди иштетүүдө экологиялык зыян-пайданы тактоону жана Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүнү, ошондой эле Барскоон кырсыгы үчүн 500 миллион сом кун төлөөнү, Нарын дарыясы аркылуу уран калдыктарынын зыяны тарап жаткан Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарына да материалдык чыгымын жаап берүүнү талап кылышууда.

"Центерра Голд" жолдун буулушу аталган копаниянын ишин үзгүлтүккө учуратып жатканын айтып, кырдаалды жөнгөрүүнү өтүнүп кыргыз бийликтерине кайрылуу жолдогон.

Балыкчыда мөөнөтсүз нааразылык акция 28-ноябрда башталган. Мындай иш-чаралар былтыр ноябрь айында, быйыл жыл башында да уюштурулган болчу. “Центерра Голддун” отуз үч пайыз акциясы Кыргызстанга тиешелүү. (EBM)

XS
SM
MD
LG