Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

БУУнун кеңеши Сириядагы абалды талкуулайт


БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши бүгүнкү кезексиз жыйынында Сириядагы калабаны талкуулайт. Женевадагы жыйын алдында Улуттар Уюмунун көз карандысыз комиссиясы өз изилдөөсүн жарыялады. Анда сириялык аскерлер мартта башталган элдик козголушту басуу учурунда адамзатка каршы кылмыш жасады, анын ичинде адамдарды мыйзамсыз атты, кыйнады жана зордуктады деп айтылат. БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын билдиришинче, Сириядагы калабада набыт болгондордун саны 4 миңден да ашып кеткен.

Нави Пилай айым армиядан козголоңчулар тарапка өткөн аскерлер көп болуп жатканын белгилеп, Сириядагы эрегишти “жарандык согуш” деп мүнөздөдү. АКШ жана Евробиримдик бейшемби күнү Сирияга каршы жаңы дагы санкция жарыялады.

XS
SM
MD
LG