Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:23

Аялын өрттөп өлтүргөн Райымбековдун жазасы жеңилдетилди


Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тургуну Самат Райымбековдун жазалоо чарасы жеңилдетилип, өлүм жазасынын ордуна 20 жыл берилди. Облустук сот бүгүн ушундай чечим кабыл алганын "Азаттыкка" жабыркаган тараптын коомдук жактоочусу Мунара Бекназарова билдирди. Бул чечимге макул болбогон жабырлануучулар эми Жогорку Сотко көзөмөл арыз менен кайрылмай болушту.

Буга чейин райондук сот Райымбековду аялын өрттөп өлтүрдү деп өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок бул өкүмгө макул болбогон соттолуучу доо арызы менен облустук сотко кайрылган.

Облсоттун бүгүнкү чечими "Райымбеков мурда соттолбогон, үч баласы үч жакта калды, күнөөсүн моюнуна алды, өрттөгөнгө чейин аялын бычактаганы тууралуу айып далилденген жок" деген негизде кабыл алынды.

Кең-Суу айылынын тургуну Райымбеков жубайы Марина Султанованы 2003-жылы ала качып кеткен. Үч балалуу болушкан. Үй-бүлө кургандан тартып күйөөсүнөн ур-токмок жеп жашаган Султанованы күйөөсү быйыл 30-июнда бензин куюп, өрттөп өлтүргөнү райондук сотто далилденген. Күнөөсүн ал толугу бойдон мойнуна алган. (RK)

XS
SM
MD
LG