Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Үн режиссер Айдаралиевди өлтүргөн адам үч жолу ысымын алмаштырган


«Тумар» радиосунун үн режиссеру Жаныбек Айдаралиевди өлтүрдү деп шектелип жаткан Максат Абакиров үч ирээт паспортун алмаштарган.

Бул тууралуу ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын тергөөчүсү Октябр Урмамбетов бүгүн маалымдады.

Анын маалыматына караганда, ИИМ тарабынан Максат Эралиев деген ат менен издөө жарыялаган айыпталуучу андан соң эки жолу Максат Аскарбеков жана Максат Аскаров болуп паспортун алмаштырган.

Максат Эралиев Кыргызстанда деп болжолдонууда. Ал эми анын Жогорку Кеңештин депутаты Улан Чолпонбаевдин жардамчысы болуп эмгектенгенин текшерүү мүмкүн болгон эмес.

Жаныбек Айдаралиев 16-октябрь күнү катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Ал өзү иштеген түнкү клубдун чыга беришинде таксинин айдоочусуна белгисиз бирөө кол көтөрүп жатканын көрүп, айдоочуга болуша кеткен. Бирок аягында тиги адам өзүнө асылып, башына, денесине оор залака келтирген. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG