Ысык-Атадан Бишкекке коноктоп келген үй-бүлө консерва азыктарынан ууланып, 7 жаштагы баласынан ажырады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт. Текшере келгенде алар туздалган бадыраң жегенден кийин катуу ооруп калгандары аныкталган. Чарчап калган баланын ата-энеси Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына жатышты. Доктурлардын айтымында, кыш келгени жайында туздалган консервалардан, куурулуп жабылган азыктардан уулангандардын саны өсө баштайт. Негизги себеп - консерваны жаап жатканда санитардык талаптардын толук сакталбай, идиш кайнатылбай калганы. Мындай учурда медицинада ботулизм деп аталган жугуштуу оор илдет пайда болот. (RK)