АКШ Мамкатчысы дүйнө өлкөлөрүн кумсаларды куугунтуктоону токтотууга үндөдү. Мындай кайрылууну Хиллари Клинтон 6-ноябрда Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесинде, Эл аралык адам укугу күнүнө арнап сүйлөгөн сөзүндө жасады.
- Адамдардын сексуалдык өзгөчөлүгү, же эрекектер менен аялдарды маданий салт-каадага сыйбаган жүрүм-туруму үчүн уруп-сабоо же өлтүрүү - бул адам укуктарын бузуу. Өкмөттөрдүн кумсаларды мыйзамсыз деп жарыялоосу, же кумсаларга зобун-зордук көрсөткөн адамдарды жазасыз калтыруусу - бул адам укуктарын бузуу. Лесбияндар же транссекусал аялдарды түзөтөбүз деп, аларды күчтөп гормондук жактан дарылоо - бул адам укуктарын бузуу.
Клинтон айым ошондой эле Обаманын администрациясы лесбиян, кумса, бисексуал, трансексуалдар менен иштеген бейөкмөт уюмдарды колдоо үчүн 3 миллиондук кор түзөрүн билдирди.
Бул чара гомосексуалдарга тыйуу салган Ооганстан, Пакистан, Сауд Арабия сыяктуу өлкөлөр менен АКШнын мамилесине кандай таасир этери белгисиз.