Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Орусия: интернеттеги демонстрация


Митингдин алгачкы күндөрүндө полиция жүздөгөн элди камады, 6-декабрь, 2011
Митингдин алгачкы күндөрүндө полиция жүздөгөн элди камады, 6-декабрь, 2011

Активисттер Орусияда шайлоонун жыйынтыгына нааразылык билдириш үчүн 10-декабрдагы демонстрацияга кеминде 25 миң адамды чыгараарын айтууда.

Алар элди интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу чакырышууда. Буга чейин социалдык түйүндөр аркылуу массалык демонстрациялар Иранда, Египетте жана АКШда уюштурулганы белгилүү. Орусиядагы “фэйсбукчулардын” максаты ишке ашабы?

Тасмада: Москва, Триумфалдык аянты, 7-декабрь

Москва, Триумфалдык аянты, 7-декабрь
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

Ушул макала жазылып жаткан учурда оппозициянын Facebook сайтындагы баракчасында “иш-чарага катышам” дегендердин саны 29 миңден ашкан эле. Ал эми Орусияда белгилүү социалдык түйүн Vkontakte.ru баракчасында 15 500гө жакын адам “демонстрацияга чыгам” деп жооп берген.

Орусияда 4-декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбагандар төрт күндөн бери Москва менен Санкт-Петербургда күндө кечинде пикетке чогулуп жатышат. Митингдин үчүнчү күнүндө, ага чейинки күндөргө салыштырмалуу, адамдардын саны алда канча аз болду. Полиция оппозициянын лидерлерин камаган, жүздөгөн катышуучуларын бир нече саатка кармады.

Москва, Революция аянты, 8-декабрь.
Москва, Революция аянты, 8-декабрь.
Москвадагы алкактуу демонстрация “Революция аянтында” өтөөрү кабарланган эле. Бирок соңку маалыматтарга караганда, эмнегедир шаардык бийликтер бул күндөрү ал жерде “ремонт иштерин” жүргүзүп жатышат. Орусиядагы айрым маалымат булактары бул боюнча шаардык муниципиалдык бийликтердин пикирин келтирип, ал ремонт иштери ишембидеги жыйынга тоскоол болбой турганын, балким ага чейин эле бүтүп калаарын айтышууда.

Демонстрациялар дем алыш күндөрү жумурияттын 37 шаарында өтөөрү айтылууда.

Москвалык журналист жана блоггер Илья Клишин Орусияда шайлоо жыйынтыктарынын ачык эле бурмаланышы элдин кыжырып келтирип, нааразылык толкуну интернет аркылуу тарай баштады дейт:

- Москванын айрым райондорунда “Бирдиктүү Орусия” добуштардын 90% алыптыр – бул ачык эле көз боёмочулук да. Азыр эл муну жеке өзүнө карата келтирилген акаарат катары кабыл алып жатат. Ушундан кийин көптөн бери унчукпай келген адамдардын да чыдамы түгөндү окшойт.

Клишин эч кайсы саясий топко жан тартпай турганын, болгону YouTube сайтында “Бирдиктүү Орусия” добуштарды кантип бурмалаганын көргөндөн кийин эле ага каршы иштей баштаганын айтат.

Революция аянты, 8-декабрь, 2011-жыл
Революция аянты, 8-декабрь, 2011-жыл
Шайлоо болгон күнү интернетте бийликтин партиясы үчүн добуштар кантип бурмаланганы, бир эле адам 40 жолудан добуш берген “карусель” методу колдонулганы айтылган.

Саясий блоггер Александр Морозовдун ишениминде, азыр элди көчөгө чыкканга шыктандырып жаткан негизги күч да ошол видео-тасмалардан кийин пайда болду.

“Социалдык түйүндөр бул шайлоо кандай өткөнүн көрсөтүүдө өзгөчө роль ойношту. Себеби эгерде социалдык түйүндөр болбогондо, шайлоодо канчалык көп добуш бурмаланганын билбей калмакпыз, - деди А. Морозов. - Дал ошол интернеттеги сайттардын жардамы менен байкоочулар азыр шайлоодо канчалык көп санда мыйзам бузуу болгонун эркин айтып жатышат”.

Азыр ишемби-жекшембиге өлкө боюнча нааразылык демонстрацияларын уюштурганы жаткандар элди жогоруда аталган эки сайт эле эмес, Livejournal блогу, оппозициянын бир топ сайттары аркылуу да чакырышууда.

Анткен менен өлкөдөгү негизги федералдык телеканалдар алдыда боло турган окуялар тууралуу, ага чейин болгон нааразылык акциялары жөнүндө шаршембинин кечине чейин бир да сөз айтышпады. Шаршембиде кечинде гана “Россия” каналы жергиликтүү кабарларды чагылдырып жатып көрсөткөн репортажында “митинг күч менен таркатылганына анын уюштуруучулары күнөөлүү” деди. “Анткени алар бийликтер менен келишилген шартты бузушкан, экинчи күнү такыр эле уруксатсыз чыгып алышкан”.

Москва, Революция аянты, 8-декабрь, 2011-жыл
Москва, Революция аянты, 8-декабрь, 2011-жыл
Белгилүү журналист Станислав Кучер мамлекеттик каналдарда иштеген кесиптештерине кайрылып, мындай учурда “профессионалдуулукту” көрсөтүп, эл камалып жатканын чагылдырууга чакырды. “Сөз саясат жөнүндө эмес, силердин кесибиңер жөнүндө болуп жатат”, - деди ал.

Азыр нааразылык кыймылынын лидерлери – белгилүү блоггер Алексей Навальный менен “Солидарность” кыймылынын лидери Илья Яшин – камалганы менен, ишембиге белгиленген нааразылык онлайн эле уюштурулуп жатат.

Кечээ Москвада Навальныйды сот 15 күнгө эркинен ажыратты. Ал сот залында журналисттерге сүйлөп жатып, мунун барын “осол эле иш” деп атады.

“Сот процессинде күбөлөрдү сурашкан жок, далилдерди кабыл алышпады, видео, аудио, фото материалдарды кабыл албай жатышат. Ошондуктан аны сот деп аташка да ооз барбайт”, - деди Навальный.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG