Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

АКШ жана анын өнөктөштөрү Иранга кысымды улантат


Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон бул тууралуу Вашингтондо Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг менен жолуккандан кийинки басма сөз жыйында айтты.

Клинтон белгилегендей, АКШ жана анын европалык өнөктөштөрү Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизди, ага кысым көргөзүүнү улантат.

АКШ Мамкатчысынын пикиринде, Иран карманган багыт анын өзү жана аймак үчүн кооптуу. Өткөн аптада Евробиримдиктин лидерлери Тегеранга анын талаштуу өзөктүк программасына байланыштуу кысымды күчөтүш үчүн январь айынын соңуна карата кошумча санкцияларды киргизүүгө чакырышкан.

Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк программасына жамынуу менен өзөктүк куралга ээ болууну көздөп жатат деп шек санашса, Тегеран программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастап келет.

XS
SM
MD
LG