Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:11

АКШнын коргоо министри Ооганстанда жүрөт


Кабулга кечээ келген Леон Панетта бүгүн ооган президенти Хамид Карзай менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Визит АКШ Оогантанстандан аскерлеринин алгачкы бөлүктөрүн чыгарып, коопсуздук үчүн жооопкерчиликти ооган күчтөрүнө өткөрө баштаган кезге туш келүүдө.

АКШ буга чейин жарыялагандай, анын Ооганстандагы 100 миң жоокеринин 10 миңи быйылкы жылдын аягына карата, дагы 23 миңи келерки жылдын сентябрь айына карата чыгарылып кетет. Буга чейин мерчемделген план боюнча коопсуздук үчүн толук жоопкерчилик оогандардын өзүнө 2014-жылдын аягына чейин өткөрүлүп берилүүсү керек.

АКШ коргоо министринин айтымында, ал 2011-жыл Ооганстан үчүн “бурулуш учур” болот деген ишенимде. Анткени аскерлер кыянатчылыктардын ыргагын басаңдата алды.

НАТОнун аскер башчылары 2009-2010-жылдары америкалык жоокерлер санынын 30 миңге көбөйтүлүшү Талибанды өлкө түштүгүндөгү кээ бир маанилүү таяныч бекеттеринен сүрүп чыгарууга жардам берди деген пикирде.

Бирок Улуттар уюму жана башка топтор Ооганстандыгы кыянатчылыктар азыр 2001-жылдын аягында АКШ баштаган эл аралык күчтөр Талибанды бийликтен кулаткан мезгилден бери эң күчөгөн учур экендигин белгилешет.

XS
SM
MD
LG