Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Жак Ширак коррупциялык иштери үчүн айыптуу деп табылды


Париждин соту Франциянын экс-президенти Жак Ширакты Франциянын баш калаасынын мэрлик кызматын аркалап турганда коррупциялык иштерге аралашканын аныктап, аны 2 жылга шартуу түрдө эркинен ажыратты.

Франциянын тарыхында мурдагы мамлекет башчыга биринчи жолу айыптоо өкүмү чыкты. 79 жаштагы Жак Ширак 1995-2007-жылдары Франциянын өлкө башчысы, ага чейин 18 жыл Париж шаарынын мэри болуп кызмат өтөгөн.

XS
SM
MD
LG