Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

Вацлав Гавел дүйнө салды


Бүгүн Чехиянын мурдагы президенти , белгилүү диссидент жана жазуучу Вацлав Гавел 75 жаш курагында дүйнө салды. Коммунисттик доордо анын пьесаларына тыюу салынып келген. Режимге каршы чыккандыгы үчүн 5 жыл түрмөдө отуруп чыккан. 1989-жылы Баркыт ыңкылабынын башында туруп, Чехословакиянын акыркы президенти, 3 жылдан кийин болсо кайрадан эгемендик алган Чех жумуриятынын президенти болуп калган. Президенттиктен кеткенден кийин да Гавел адам укуктары, демократияны коргоо жаатында ишин токтоткон эмес. Гавел катардагы чехтер терең урматтаган кадыр барктуу инсандардан болчу. Соңку убакта анын саламаттыгы начар экени айтылып келген.

XS
SM
MD
LG