Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Памир кыргыздарын көчүрүп келүү сунушталууда


Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева Ооганстандын Памир аймагын байырлаган кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү демилгесин көтөрүүдө. Депутат Казакстан өңдүү коңшу өлкөлөр чет жердеги боордошторун көчүрүп алып жатканын белгилеп, кыргыз бийлиги да бул маселени колго алышы керектигин кечээ парламенттин жыйынында билдирди. Памир кыргыздарын көчүрүү маселесине депутат Асия Сасыкбаева да токтолуп, мындай көйгөйдү чечүү үчүн Ооган бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыздарга көмөк көрсөтүү зарылдыгын айтып өттү.

Маалыматтарга ылайык, Ооганстандагы Памир чөлкөмүндө 4 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. (KKs)

XS
SM
MD
LG