Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Ирактын вице-президенти кризис үчүн өкмөт башчысын күнөөлөдү


Ирактын суни вице-президенти Тарек ал-Хашеми соңку кездери өлкөдө кан төгүүнүн күч алышы үчүн шийи премьер-министри Нури ал-Маликини күнөөлөдү. ББСнин араб кызматы менен маегинде Хашеми Малекини «улуттук кризисти баштады, эми аны токтотуш кыйын болуп жатат» деди. Бейшембидеги ондон ашык бомба чабуулунда 70ке чукул кишинин өмүрү кыйылып, "фракциялар аралык кыргын кайра башталат" деген кооптонуу күч алды. Ал-Хашеми Маликини коопсуздукту камсыздоого дитин койбой, «элин сүйгөн мекенчилдерди» куугунтуктап жатат деп ырастады. Малеки Хашемини саясатчыларга жана коопсуздук күчтөрүнө кол салууларды уюштуруп жатат деп айыптап, аны камакка алууга буйруган.

XS
SM
MD
LG