Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

Бишкекте электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилиши мүмкүн


Бишкекте акыркы күндөрдө жарыктын үзгүлтүккө учурашына шаар тургундарынын электр жылыткычтарды жапырт колдонуусу себеп болуп жатканын “Азаттыкка” энергетика министри Аскарбек Шадиев билдирди. Министрдин айтымында, акыркы эки сутканын ичинде чыңалуудан улам ордо калаада электр системасы эки чоң аварияга тушуккан. “Мындан улам кечки саат жетиден онго чейинки аралыкта шаардыктар электр энергиясын үнөмдүү пайдаланбаса электр системасын иштен чыгууга алып келиши мүмкүн”,- деп билдирди Шадиев

Энергетика министри тармактагы оор авариялардын алдын-алуу үчүн Бишкектин айрым бөлүктөрүндө 1-2 сааттык мөөнөт менен өчүрүү пландалып жатканын да кошумчалады. (EzK)

XS
SM
MD
LG