Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Орустардын "Екатеринбург" атомдук кемесинде өрт чыкты


Мындан бир аз мурда эле Орусиянын өзгөчө кырдаал министри Сергей Шойгу атомдук кемеде өрт өчүрүлүп, анын тулкусун муздатуу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Кемеде чыккан өрттөн 9 киши, анын ичинде 7 аскер кызматкери менен Өзгөчө кырдаал министрлигинин 2 кызматкери жабыркап, ооруканага жаткырылды. Атомдук кеме болсо Мурманск облусундагы кеме оңдоочу жайга жеткирилди.

Атомдук кемеде аскердик тергөөчүлөр өрттүн себептерин иликтөөдө. Кырсыктын ондогон күбөлөрү сурак берип, атайын документтер текшерүүгө алынганын Орусиянын иликтөө комитетинин расмий өкүлү Владимир Макаркин билдирди.

XS
SM
MD
LG