Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Лейлектеги окуя боюнча кылмыш иши козголду


Лейлек районунун Андарак айылында 2 дүкөн жана 2 сарайдын өрттөлүшү боюнча Лейлек райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду. "Бул кылмыш иш боюнча келтирилген материалдык зыян жалпысынан 448 000 сомду түздү",-деп кабарлады Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Баткендин Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл өкмөтүнүн Андарак айылында кечээ жаңжал чыккан. Кыргыз улутундагы 3 окуучу жолдон тажик улутундагы адамдар тарабынан сабалышкан. Бирөө ооруканага түшүп, милицияга кайрылган.

Күнөөлүүлөрдү издөө башталганда айыл өкмөтүнүн алдына миңдей тажик, беш жүздөй кыргыз чогулган. Алардын ортосундагы уруштан жабыркап, ооруканага түшкөндөр болгон жок. Бирок 2 кичи дүкөн, 2 сарай, 1 наабайкана, 1 автоунаа талкаланып, 2 үй жарым-жартылай өрттөлгөнү кабарланууда. (JAk)

XS
SM
MD
LG