Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Шинжаңдагы абакта 15 кыргызстандык отурат


Кытайда маңзат үчүн өлүм жазасы колдонулат.
Кытайда маңзат үчүн өлүм жазасы колдонулат.

Кытайда кыргызстандык жарандардын абалы тууралуу Кыргызстан Тышкы иштер министрлигинин Кытайдын Үрүмчү шаарындагы өкүлү Азат Эркебаев кеп салды.

"Азаттык": Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң уйгур автоном районунда канча кыргыз жараны бар? Алар негизинен эмне менен алектенет?

Эркебаев: Кытай биздин эң жакын кошуна. Экономикалык жаатта да биздин эң негизги шеригибиз. Кытай азыркы кезде соода-экономикалык мамилелер боюнча экинчи орунга чыкты. Кыргыз жарандарынын Кытай менен экономикалык жатта, соода жана ишкерчилик боюнча алакасы абдан күчтүү. Адамдар тез-тез каттап турушат, байланыш өтө активдүү.
50 граммдан ашкан маңзат менен кармалгандар күнөөсү далилденсе, өлүм жазасына тартылышы толук мүмкүн.

Кыргызстандыктар Кытайдын 3-4 шаарына абдан көп барышат. Биздин эсебибиз боюнча Шинжаң аймагында 1,5-2 миң кыргызстандык бар. Булардын көбү Үрүмчү шаарында жана соода иштери менен барып-келип тургандар. Үрүмчү шаарында туруктуу жашагандары да бар, алардын басымдуу бөлүгү кыргызстандык студенттер. Студенттердин саны 300гө жакын болот. Ошондой эле биздин ишканалардын Үрүмчү шаарында өкүлчүлүктөрү да бар.

"Азаттык": Үрүмчүдө кылмышка кириптер болуп, түрмөгө түшүп калган жарандар бар экендиги да айтылып келатат. Алардын абалынан кабар алып турасыздарбы?

Эркебаев: Тилекке каршы андайлар да жок эмес. Кытайга барып, ал жакта кылмыш жасап, соттолгондор бар. Жаңы жылдын алдында, 28-29-декабрда кылмыш кылып, соттолуп, учурда абакта жаткан жарандар менен жолуктум. Ар бирине кирип, абалын көрүп, текшердик.

Азат Эркебаев
Азат Эркебаев
Азыркы кезде биздин визалык аймакка тиешелүү чөлкөмдө кыргызстандык 15 адам кармалып турат. Булардын ичинен 12 адамга сот өкүмү чыгып, жазасын өтөп жаткандар. Ал эми үч адам болсо жаңыдан гана кармалып, алардын үстүнөн сот иштери жүрүүдө.

"Азаттык": Ушул соттолуп кеткен адамдар кандай кылмыш жасашкан экен? Жаза мөөнөттөрү кандай?

Эркебаев: Айыпталып жаткан кыргыз жарандарынын дээрлик көпчүлүгү, 85 пайызы маңзат менен кармалышкан.

"Азаттык": Маңзат менен кармалгандарга Кытайда оор жаза берилет эмеспи. Бул адамдардын жазасы кандай болот?

Эркебаев: Негизи булар маңзатты жеткирүүчү катары пайдаланылгандар, маңзатты Кытайга алып киргенде кармалгандар. Ошондуктан эки берене, тагырак айтканда, маңзат аткезчилиги жана сатуу менен айыпталып жатышат. Бул Кытайдын Кылмыш кодекси боюнча эң оор кылмыштардын бири деп эсептелип, жазасы да оор. 50 граммдан ашкан маңзат менен кармалгандардын күнөөсү далилденсе, өлүм жазасына тартылышы толук мүмкүн.
Биздин эсебибиз боюнча Шинжаң аймагында 1,5-2 миң кыргызстандык бар. Булардын көбү Үрүмчү шаарында жана соода иштери менен барып-келип тургандар.

“Азаттык”: Үрүмчүдө документи жок, көчөдө калган адамдардын саны 20-30дун тегерегинде деп айтылып жатат. Сизде ушундай маалымат барбы? Алар кантип күн көрүп жатат?

Эркебаев: Менин билишимче 2-3 гана адам бар. Бирок алар азырынча бизге жардам сурап кайрылыша элек. Мен ушул 20-30 деп жаткан адамдарга кайралат элем, эгер андай адамдар бар экенин билсеңиздер журналисттерге гана кайрылбай, түз эле бизге билдирсе болот. Анын натыйжасы да чоң болмок. Себеби Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүктөрү ошон үчүн ачылат. Биздин жарандарга жардам берип, жакындан колдоо көрсөтүп, ушундай кыйын абалда Кыргызстанга кайтып кетүү үчүн шарттарды түзөт.

“Азаттык”: Ошентсе да айрым адамдар Үрүмчүдөгү өкүлчүлүк Кыргызстандан делегацияны күтүп алуу менен гана алектенип, жарандардын кайрылууларын көп карай бербейт деп жатышат.

Эркебаев: Мен Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчү шаарындагы визалык бөлүмүнүн жетекчиси катары андай фактылар бизде жок деп абдан ишенимдүү айта алам. Анткени ар бир факты боюнча мен өзүм териштирип, иш-аракеттерди жүргүзгөнгө жана жардам бергенге аракет кылабыз. Муну мен баса белгилеп койгум келет.

Акыркы кезде эле өтүнүч менен келген ар бир жарандын ишин чечип бердик. Үч ай ичинде эле паспортторун жоготуп, визалары жок калган кыргызстандык төрт жарандын ишин бир аптада чечип, алардын Кыргызстанга ийгиликтүү келишине шарт түзүп бердик.

XS
SM
MD
LG