Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Иракта бомба чабуулдары 50 адамдын өмүрүн жалмады


Иракта шийи зыяратчыларга каршы жасалган жана шийи калктуу жерлерде болгон бомба чабуулунан 50дөн ашык адам өлдү. 100дөн ашуун адам жарадар болду. Өлкө түштүгүндөгү Насрия шаарында шийи зыяратчылардын жанында жанкечти жардырган бомбадан бери дегенде 30 киши өлүп, дагы 70 чакты адам жараат алды. Багдаддын шийи калктуу Садр шаарында жана Кадымия районунда катар-катар бомба жарылып, 23 адамдын каны төгүлдү. Бул декабрда америкалык аскерлер Ирактан чыгып кеткенден берки эң чоң кандуу булоон.<br /> <br /> Премьер-министр Нури Малики сунни вице-президент Тарык Нашемини камакка алууну буйругандан тарта Ирак саясий кризистин сазына баткан. Азыркы өкмөттө Ирактын элинин көпчүлүгүн түзгөн шийилер үстөмдүк кылат.

XS
SM
MD
LG