Ал балдар былтыр эки өлкө чектешкен аймактагы базарлардын биринен уурдалганы айтылууда. 20дай бала сентябрда Орозо айт майрамы учурунда саякаттап жүргөн жеринен куралчан жикчилер уурдап кетишкен болчу. Бийликтер азыр аларды кайра мекенине кайтарып келүүгө даярдык көрүп жатышканын айтышты. Жергиликтүү бийлик талиптер кандайча балдарды бошотуу тууралуу чечимге келишкени тууралуу кабардар эмес экенин билдирип жатат.