Бул тууралуу “Азаттыкка” чукул кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, мындай аймактарды министрликтин Мониторинг департаменти такай байкап, көзөмөлдөп турат. Опурталдуу жерлерден элди толук көчүрүп кетүүгө каражат жок.
Былтыр 11-майда Жалал-Абаддагы Чычкан капчыгайында жер көчүп, ал жердеги тамактануучу жайлардын биринде иштеген адамды басып калган. Аксы районундагы Райкомол айылында 2009-жылы жер көчкү 16 адамдын өмүрүн алып кеткен. (EBM)