Ош облусунда ВИЧке кабылган балдардын саламаттыгын текшерип, дары-дармек жагынан жардамдашуу үчүн Словакиядан дарыгерлер келишти. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" дарыгерлердин шалаакылыгынан баласына ВИЧ жуккан эне кабарлады. Анын айтымында, жергиликтүү дарыгерлер ВИЧ жуккан балдарды кодулашат, кемсинтишет. Бул тууралуу энелер Бишкекке келип митингге чыкканда, парламентте депутаттар менен жолукканда бир нече ирээт айтышкан.
Дарыгерлердин айынан балдары ВИЧке кабылган 12 эне былтыр 14-ноябрда Оштон Бишкекке келип, өлкө жетекчилиги алдына 5 талап коюшкан.
2007-жылы Ош облусунда бир сыйра сайылуучу ийне менен ондогон балага ВИЧти жугузган медицина кызматкерлерин жазага тартууну, мындан ары бул өңдүү окуяларды болтурбоону, балдарга берилүүчү 3 миң сомдук жөлөкпулду кескин көтөрүүнү жана Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүүнү, 1 миллион сомдон бөлүп берүүнү талап кылышкан.
Бирок бул талаптардын бири да азырынча аткарыла электиги айтылды.
Учурда ВИЧке чалдыккан балдардын саны Кыргызстанда эки жүздүн тегерегинде. (RK)