Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:55

Мамкаттоо кызматы "телефон террористтери" чыкты дейт


Соңку мезгилдерде Мамкаттоо кызматына караштуу калкты каттоо департаментинин тейлөө борборунун алдында митинг өтүп жатат деген калп маалымат тараткан "телефон террористтери" пайда болууда. Мындай билдирүүсүн бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы кабарлады. Бул аракеттер паспорт реформасына бут тосуу катары бааланууда. Бирок ким тарабынан бут тосуу болуп жатканын так айтышкан жок.

Аталган кызматтын тегерегинде ушул аптада чуулгандуу окуя болду. Статс-катчысы тендер учурунда мыйзамсыз иш жасаган деп Каржы полициясы тарабынан камакка алынган. Мамкаттоо кызматы анын кармалышын "кресло талаш" деп мүнөздөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG