Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Кумарканада ишсиз калгандар аянтка чыгышты


Кумарканалар жабылып жумушсуз калган жүздөй киши ушу тапта Бишкектин борбордук аянтында флэш-моб өткөрүп жатышат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, алар колдоруна "Мен 1-январдан бери жумуш издеп жүрөм", "Мага жумуш таап бергиле" деген жазууларды кармап алышкан. 1-январдан тарта Кыргызстандагы кумарканаларды жабуу тууралуу мыйзам былтыр күзүндө кабыл алынган болчу. (MiT/RK)

 

XS
SM
MD
LG