Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Бүгүн төрт шаарда мэр шайлоо болот


Бүгүн Кыргызстандын Чолпон-Ата, Балыкчы, Кара-Балта жана Кочкор-Ата шаарларында мэр шайлоо болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан «Азаттыкка» кабарлашты. Кочкор-Ата шаар башчылыгына Кубанычбек Эгембердиев, Кара-Балта мэрлигине Данияр Шабданов, Балыкчы башчылыгына Таалайбек Медеркуловдун талапкерлиги сунушталды. Чолпон-Атада болсо шаар башчылыгына Муратбек Искендеров менен Бактыгул Алиев аттанып жатат. Мыйзамга ылайык, мэрлерди шаардык кеңеш депутаттары шайлайт. Мындан тышкары бүгүн 16 айылдык округда айыл өкмөттөрүн шайлоо өткөнү турат.

Өткөн жылдын август айында Кыргызстандын 17 шаарында мэрлерди шайлоо болгон. Чолпон-Ата жана Кочкор-Атада талапкерлер тийиштүү добуш топтой албагандыктан өтпөй калган. Балыкчыда добуш берүүгө жетиштүү депутат келген эмес. (KKs)

XS
SM
MD
LG