Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:48

Евробиримдик Иранга каршы мунай эмбаргосун макулдашты


Иранга анын талаштуу өзөктүк программасына каршы киргизилип жаткан санкциялардын алкагында мындай чара шаркеттин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги бүгүнкү жыйынында макулдашты.

Ага ылайык, Ирандан чийки мунай жана мунайзат продуктуларын сатып алуу боюнча жаңы келишимдерди түзүүгө дароо тыюу салынат. Ал эми учурда иштеп жаткан келишимдер 1-июлга чейин сакталат. Британ тышкы иштер министри Уильям Хейг бүгүнкү чараны “буга чейин болуп көрбөгөн санкция” катары мүнөздөө менен төмөнкүлөрдү белгиледи:

- Менимче, бул Евробиримдиктин жана эл аралык коомчулуктун ушул маселе боюнча чечкиндүүлүгүн көргөзүп турат. Ал Иран БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкцияларын бузууну улантып, өзөктүк программасы боюнча конструктивдүү сүйлөшүүдөн баш тартып жатканынан улам муну жасоого толук укуктуу.

Ирандын киреше алуучу башкы булагы - мунай экспортунун учурда бештен бир бөлүгү Евробиримдиктин үлүшүнө туура келет. Шаркеттин тышкы иштер министрлери бүгүнкү жыйынында Ирандын Борбордук банкына да санкция киргизери күтүлүүдө.

Иран өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрүн ырастаса, Батыш өлкөлөрү жана эл аралык расмий өкүлдөр ал өзөктүк курал жасоону максат кылат деп кооптонот.

XS
SM
MD
LG