Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:40

27-январга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
26-27-январда жаан-чачын, карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана тоолуу автожолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү күтүлөт, муз тоңот. Кооптуу аймактарда жолго чыкканда унаалардын ортосунда 500 метрлик аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
27-январда айрым жерлерде кар түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -3...-8,
Талас облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -4...-9,
Баткенде түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...-5 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9 градус, күндүз -3...+2,
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -11...-16,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -27...-32, күндүз -21...-26,
Тоолордо түнкүсүн -22...-27, ал эми күндүз -12...-17 болот.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9...11 градус, күндүз 3..5 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG