Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

“Кыргызмунайгаздан” 32 миллион сом казынага түшпөй калган


Жалал-Абаддагы “Кыргызмунайгаз” ишканасы кеминде бир жарым жылдай салык төлөбөй, казынага 32 миллион сомдон ашык каражат түшпөй калганы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик каржы полиция кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн натыйжасында бул ишкана 2010-жылдын январь айынан тарта 2011-жылдын май айына чейин салык төлөбөгөнү тастыкталган. Мындан улам кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүүдө. Азырынча “Кыргызмунайгаздын” жетекчилиги соңку жагдай боюнча позициясын билдире элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG