Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук милициядан кабарлашты. Кылмыш иш "бейбаштык" фактысы боюнча козголду. 1987-жылы туулган Максутов Максат деген жигит ок жеп ооруканага жеткирилгени, анын абалы оор эместиги айтылды. Тергөөчүгө берген көрсөтмөсүндө ал аны эч ким атпаганын, кокустук болуп мергенчилик куралына колу тийип кетип, өзүн өзү атып алганын айтууда. Ал эми милициянын маалыматы боюнча, ушул түнү Баткен шаарындагы "Асылбек" кафесинин жанында ызы-чуу болгон. Окуянын чоо-жайын милиция иликтеп жатат. Максутовдон тышкары дагы 5-6 киши ооруканага ар кандай жеңил жабыркоолор менен жеткирилди деген да маалымат бар.
"Азаттыктын" кабарчысынын билдиргенине караганда, ок жеген киши - милиция кызматкери. Анын денесинен жана кийиминен 17 ок алынды. Кылмышка шектүү делип 4 киши кармалган. (RK)
"Азаттыктын" кабарчысынын билдиргенине караганда, ок жеген киши - милиция кызматкери. Анын денесинен жана кийиминен 17 ок алынды. Кылмышка шектүү делип 4 киши кармалган. (RK)