Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Бакир уулу: АКШ базасы Кыргызстандан кетиши керек


АКШнын Кыргызстанда жайгашкан Транзиттик жүк ташуу борбору өз мөөнөтүндө же ага чейин жабылышы керек. Мындай билдирүү менен бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу чыкты. Анын пикиринде, Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишимине мүчө өлкөлөр менен гана аскерий кызматташтыкта болушу керек. 2001-жылы Нью-Йоркто болгон теракттан кийин АКШ баштаган коалиция Ооганстанда антитеррордук операция баштаган. Аны тейлөө үчүн Бишкектин "Манас" аэропортунун аймагында аскердик авиабаза ачылган. Азыр бул база Транзиттик жүк ташуулар борбору деп аталат. Анын мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Кыргызстан менен катар Армения, Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

АКШ элчиси Памела Спратлен жакында "Азаттыкка" Ооганстандагы аскердик операция түпкү максатына али жете электигин айтып, "бул өлкө абдан коркунучтуу аймак бойдон калууда" деген болчу.(RK)

XS
SM
MD
LG