Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Ташиев: ТЭЦке сапатсыз мазуттун келишине Бабановдун тиешеси бар


Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев Бишкек ТЭЦинде жагылуучу мазуттун сапаты начар деп жатышканын бүгүн парламентте айтты. Анын билдиргенине караганда, учурда ТЭЦке жагылып жаткан мазуттун майлуулугу 5%тен жогору болууда, норма боюнча ал 3,8%тен ашпашы керек.

"Өкмөт башчысы Бабанов менен "Электр станцияларынын" башчысы Тентиевдин түздөн-түз көрсөтмөсүнүн негизинде ушул мазут алынган деп көрсөтмө берип жатышат. Мына ушундай адамдарды кармашыбыз керек", - деди Ташиев. Бирок кимдер ушинтип айтып жатканын тактаган жок.

"Электр станциялары" ишканасынан "Азаттыкка" билдиришкендей, Бишкек ТЭЦинде жагылып жаткан мазут тиешелүү техникалык талаптардын баарына жооп берет.

"Ташиев мырзанын айткандары чын эмес. ТЭЦте жагылып жаткан мазуттун майлуулугу 4,36. Мамлекеттик стандарт боюнча бул көрсөткүч 6,8ге жетишине жол берилет", - дейт "Электр станцияларынын" маалымат катчысы Азим Азимов. (RK)

XS
SM
MD
LG