Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:27

Түркмөн лидери саясый реформаны тездетүүгө чакырды


Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухаммедов көп партиялуу системаны жана көз карандысыз маалымат каражаттарын түзүүгө зарыл мыйзамдарды тездетүүгө чакырды. Ал өкмөттүн кезектеги жыйынында сүйлөп, келерки беш жылдыкты өлкөдөгү жыргалчылыкты дагы бекемдөө үчүн пайдаланарын да айтты. Бердимухаммедов 12-февралда 97 пайыз добуш менен кайра президенттикке шайланган. Шайлоого бийлик тандаган жана президенттин саясатын жогору баалаган жети талапкер катышкан.

Бердимухаммедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов о дүйнө салгандан бери президенттик кылат. Ал буга дейре да реформа убада кылып, бирок сөзүн өтөгөн эмес.

XS
SM
MD
LG