Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Бабанов Казакстанга эки күндүк иш сапар менен барат


Бүгүн өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Казакстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча департаментинин жетекчиси Руслан Бийбосунов УТРКга маегинде билдирди. Анын айтымында, эки өлкөнүн премьер-министрлери соода-экономикалык, энергетика, миграция, бажы маселелерин сүйлөшөт. Мындан сырткары Мамлекеттер аралык кеңештин ишин жандантууга басым жасалмакчы.

Маалыматка караганда, Бабановду казак кесиптеши Карим Масимов чакырган. Бул Бабановдун премьер-министр болгондон кийинки алгачкы чет өлкөлүк иш-сапары. (КЕ)

XS
SM
MD
LG