Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Электр зымдарга суу кар жабышканынан жарык өчтү


Кечээ күнү жааган суу кар электр зымдарына жабышып калгандыктан бүгүн Бишкектин жана Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде электр жарыгы жок. "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашкандай, Таластын Каракол айылында, Чүйдүн
Токмок, Шопоков шаарларында, Романовка, Учкун, Манас, Ак-Жол, Комсомольское, Дачное, Берлик, Төмөнкү Ала-Арча, Ленинское, Көк-Жар айылдарында жана Бишкектин четиндеги Көлмө, Келечек жаңы конуштарында, Пишпек, Жумушчулар шаарчасында, Некрасов көчөсүндө оңдоо иштери жүрүп жатат. Электр энергиясы менен камсыз кылуу иши түштөн кийин толугу бойдон калыбына келээри айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG