24-февралда чек арачылар Чүй облусунун Ойронду айылындагы кыргыз-казак чек арасына жакын жерде мыйзамсыз мергенчилик кылып жүргөн Кыргызстандын эки жаранын кармашкан. УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, жарандар чек арачылардын документтерди көрсөтүү буйругуна баш ийбей, каршылык көрсөткөн. Аларды кармоо маалында бирөөсү чек арачыга карай ок чыгарып, натыйжада чек арачы колунан жарат алып, Панфилов райондук ооруканасына жеткирилген. Учурда анын абалы канааттандырарлык.
Маалыматка ылайык, кармалган браконьерлерден “Иж-27” үлгүсүндөгү курал алынган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)
Маалыматка ылайык, кармалган браконьерлерден “Иж-27” үлгүсүндөгү курал алынган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)