Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Аба ырайы: шашылыш кабар


Кыргызстанда 4-5-марттагы жаан-чачындан улам тоолуу аймактарда, тоо боюндагы унаа жолдордо кар көчкү түшүп, муз тоңушү ыктымал. Кооптуу жолдо унаалар 500 метр аралыкты сактоосу зарыл.

5-мартта көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот, айрым жерлерде кар, жамгыр катуулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7 градус суук.

Бишкекте 5-мартта маал-маалы менен кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2... -4, күндүз +2... +4 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG