Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

Польшада поезд кагылышынан 15 киши ажал тапты


Польяк премьер-министри Дональд Туск 15 адамдын өмүрүн алгандан тышкары 54 киши жарадар болгон кырсыкты соңку жылдардын эң трагедиялуу окуясы деп атады.

Кырсык кечээ өлкөнүн түштүк тарабындагы Щекоцины шаарчасында болгон. 350дөй жүргүнчүнү салып келе жаткан поезддер бир жолдо келип, бетме-бет кагышкан.

Алар эмне үчүн бир жолго түшүп калганы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Жүргүнчүлөр арасында чет элдиктер да болгон, бирок оор жаракат алгандар менен мерт болгондордун баары Польшанын жарандары. (UE)

XS
SM
MD
LG