Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Караколдо шайлоодогу башаламандык боюнча кылмыш козголду


Караколдо кечээ шайлоодон кийинки башаламандык боюнча “ээнбаштык”, “шайлоо жараянына тоскол болуу”, “бийликтин өкүлүнө кысым көрсөтүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ жергиликтүү кеңешке шайлоо аяктагандан кийин, саат ондор чамасында Караколдогу мэриянын алдына кеминде 80-100 чамалуу адамдар топтоло баштаган. Алар мэриянын имаратына кирүүгө аракет кылышкан. Натыйжада эки милиционер жаракат алган. Түнкү саат бир жарымдар чамасында түшүндүрүүнүн натыйжасында чогулгандар таркап кетишкен. Эл тарагандан кийин мэриянын алдында таш, таяктар калган.

Чогулгандардын арасында “Кыргызстан жаштар кеңеши” коом бирикмесинин мүчөлөрү болгон. Бирок аталган бирикме шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирүүдө. Уюмдун төрагасы Улан Эсенкожоевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, “Кыргызстан жаштар кеңешинен” да бул шайлоого талапкерлер көрсөтүлгөн, бирок бийлик партиялары тарабынан добуш берүү учурунда мыйзам бузуулар көп болгон. (KKs)

XS
SM
MD
LG